Бишкекте алтынчы кабаттан кулаган наристе эсине келе элек
Бишкектин Жал кичи районунда 6-кабаттан кулаган беш жаштагы кыз комадан чыга элек. Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы "туруктуу оор" экенин "Азаттыкка" билдирди. Дарылоо жана калыбына келтирүүгө убакыт талап кылынары айтылды.
4-апрелде Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 27 жаштагы келин 2025- жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.
Окуя болгондон кийин саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, кыздын абалы менен таанышкан.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркумдун күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармаган.
Бишкектин Ленин райондук соту маркумдун күйөөсүнүн баш коргоо чарасын 6-апрелде карап, 4-июнга чейин камакка алды.
"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.
Милиция башка фактыларды ачыктаган жок. Маркумдун туугандары соңку кезде үй-бүлө ичинде чыр-чатак болуп келгенин айтышууда. Шектүүнүн туугандары мындай маалыматты четке кагууда. (КЕ)
