Баш прокурор Асаналиев Жаратылышты коргоо прокуратурасы кайрадан түзүлөрүн билдирди
Кыргызстанда Жаратылышты коргоо прокуратурасы кайра түзүлөт.
Бул тууралуу баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал бул багытта өлкө президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн, мамлекет башчы кошумча 30 штаттык бирдик түзүүгө макул болгонун айтты.
Маалыматта айтылгандай, Жаратылышты коргоо прокуратурасы өлкөнүн түндүк жана түштүгүндө түзүлөт. Ал төрт багытта иш алып барат.
"Биринчи багыт жер казынасын пайдалануу, суу жана суу ресурстарын пайдалануунун мыйзамдуулугу. Мөңгүлөргө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия берилип жаткан учурлар бар. Үчүнчүсү, калдык сактоочу жайлардын абалы, төртүнчүсү, жаратылыш жана өзгөчө корголуучу аймактардын мыйзамдуулугу", - деди баш прокурор.
Мунун алдында эл өкүлү Гуля Кожокулова жаратылышты коргоо багытында президент көңүл буруп, активисттер эле бул маселени көтөрүп жатышканын, Экология министрлиги байкоо салуу менен гана алектенерин айтып чыккан.
Жогорку Кеңеш Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу баш прокурордун 2025-жыл үчүн отчетун угуп жатат. 7-апрелде парламенттин тийиштүү комитети баш прокурор Максат Асаналиевдин отчетун угуп, жактырган.
Максат Асаналиев 2024-жылы июнда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен баш прокурор болуп дайындалган. (КЕ)
