Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Алагөзов "Бакай банк" “Ачык диалог фондун” сотто утуп алганын билдирди

0

Брюссел соту "Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз" деп чечим чыгарганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда “Бакай Банк” Польша-Бельгиянын “Ачык диалог фондуна” (Open Dialogue Foundation, ODF) каршы соттук териштирүүдө жеңишке жеткени айтылды.

"2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Орусиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. “Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген", - деп белгиледи Алагөзов.

Президенттин маалымат катчысы Брюссел соту чечими менен ODF уюмун талаштуу макалаларды өчүрүүгө, сот чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендиргенин да кошумчалады.

Аскат Алагөзов "Бакай банктын" эл аралык соттогу жеңиши менен катар АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкция киргизилген кыргызстандык “Керемет Банк”, “Капитал Банк” боюнча берилген дооматтардын "конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялана электигин" билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин белгилеген. Мамлекет башчысы банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Муну белгилеген маалымат катчысы: “Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили. Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толук ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр", - деп жазды.
АКШ, Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция салган кыргызстандык компаниялардын ичинде "Керемет банк", "Капитал банк" жана "Толубай банк" бар. Улуттук банктын аларды "кара тизмеден" чыгаруу далалаты буга чейин ишке ашкан эмес.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net