"Крокустагы" терактка айыпталгандардын бири жанын кыйганы кабарланды
2024-жылы мартта "Крокус Сити Холлдогу" терактка катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандардын бири "Матросская Тишина" деп аталган тергөө абагында өз жанын кыйган. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) билдирүүсүнө шилтеме кылып РБК агенттиги маалымдады.
"Окуя болгон жерде жандандыруу чаралары көрүлүп, жыйынтык болгон жок. Ушул тапта текшерүү жүрүп жатат", - деп айтылган билдирүүдө. Маркумдун аты-жөнү ачыкталган жок.
Орусиянын бир катар басылмалары, анын ичинде РЕН-ТВ, РИА "Новости" жана "Коммерсант" жанын кыйган адам Тажикстандын жараны Юсуфзода Якубжони Давлатхон экенин жазышты. Ал 2024-жылы 31-мартта 140тан ашуун киши набыт болгон теракттан бир жумадан кийин кармалган. Давлатхон концерт залындагы кол салууга катышпаганы айтылган.
Аны теракттын алдында"террористтердин жашоосун камсыздоого" жана ошондой эле кол салууга катышкандардын бирине теракттан кийин акча которууга айыпташкан. Ал өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.
"Коммерсант" өз булактарына шилтеме кылып айыпталган дагы бир адам жанын кыюуга аракет кылганын маалымдады. Ал да Давлатхон сыяктуу эле өмүр бою кесилген Жабраил Аушев экени айтылууда. "Коммерсант" ошол эле учурда Аушев мурда дагы Батыш аймактык аскер сотунда процесс учурунда суицидге аракет кылганын жазды. Бул тууралуу расмий маалымат берилген эмес.
12-мартта сот терактты аткаруучулар деп айыптап Шамсидин Фаридуни, Далержон Мирзоев, Махаммадсобир Файзов жана Саидакрами Рачаболизоданы өмүр бою эркиндигинен ажыраткан. Ошондой эле тергөө кылмышка шерик деп эсептеген дагы 11 адам 19-22 жыл жана өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
Москванын четиндеги "Крокус сити холлдогу" теракт 2024-жылы 22-мартта болгон. Кеминде 145 адам набыт болуп, 551 киши жаракат алган. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюмунун бир канаты саналган "Вилаят Хорасан" уюму өз мойнуна алган.
