Бишкекте терезеден кулаган келиндин күйөөсү эки айга камалды
Бишкектин Ленин райондук соту эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин А. М. А. аттуу күйөөсүн 4-июнга чейин камакка алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту 7-апрелде кабарлады. Маркумдун күйөөсүнүн бөгөт чарасы 6-апрелде каралды.
Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулаган келиндин жана 2025-жылы туулган ымыркайынын сөөгү 6-апрелде жерге берилди.
Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.
Милиция келин жана анын кичүү баласы ошол жерден жан бергенин, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин билдирди.
Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркумдун күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоо жайына жеткирилген.
"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.
Милиция башка фактыларды ачыктаган жок. Маркумдун туугандары соңку кезде үй-бүлө ичинде чыр-чатак болуп келгенин айтышты. Шектүүнүн туугандары мындай маалыматты четке кагууда.
Бул каргашалуу окуя Кыргызстанда аялдардын жана балдардын коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан талкууга чыгарды. 2025-жылдын 11 айында (январдан ноябрга чейин) өлкөдө ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (15 миң 675 факт) 27,5% же 4320 фактыга көп. (КЕ)
