Нефтетрейдерлер күйүүчү май кымбаттарын билдиришти
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" президенти Канат Эшатов Биринчи радиого курган маегинде билдирди.
Баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырууда.
"Салыктар жана акциздер баалардын 25% түзөт. Көптөгөн өлкөлөр акцизди жокко чыгарып, кошумча нарк салыгын, сатуудан алынуучу жана башка салыктарды эң төмөнкү чекке түшүрдү. Министрлер кабинетинин алдында мунай ташуучулардын өкүлдөрү кирген ыкчам штаб түзүлгөн. Штаб Министрлер кабинетине бул салыктарды жана маркирлөөгө алынчу, Жол фондуна алынуучу төлөмдөрдү убактылуу жокко чыгара турууну сунуштадык", - деди Канатбек Эшатов.
Мунай ташуучулардын маалыматында, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убактарда 25-30% кымбаттады. Учурда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин өздүк баасы 78-81 сом, дизелдик күйүүчү май 100-103 сом болууда. Бул мунай ташуучулардын пайдасын жана май куюучу бекеттердин чыгымдарын кошпой эсептелген баасы. Эшатов ушул тапта чекене сатылып жаткан күйүүчү майдын баасы мурда сатылып алынган күйүүчү май корунан улам кармалып турганын, бирок бул ресурстар дээрлик түгөнүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстан өзү керектеген күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам орус заводдору да бааларды көтөрүүдө. Орусияда ушул тапта дизелдик күйүүчү майдын тоннасы 1,2 миң долларга чыкты. Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин экспорт баасы тоннасына 870 долларга көтөрүлдү.(ZKo)
