Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

ӨКМ: Уран калдыгы көмүлгөн 60 объектте рекультивация жүрүүдө

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) уран калдыктарын рекультивациялоо иштери уланып жатканын 4-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, министрликтин карамагында 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Анын ичинде калдык сактоочу 33 жай жана 27 кен калдыктары. Жалпы көлөмү 11 млн куб метрди түзөт.

Министрлик калдыктарды зыянсыздандыруу менен аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу багытында ири долбоорлорду улантып жатканын кабарлады.

Былтыр Орусиянын өкмөтү Кыргызстанда СССР учурунда калган уран калдыктарын рекультивациялоо иштерине 2 млрд 141 млн 420 миң рубль бөлөрү айтылган. Бул каражат беш жердеги уран калдыктарын зыянсыздандырууга жумшалары кабарланган.

Алар:

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагындагы уран өндүрүшүнөн калган өнөр жай объектилери, күл төгүлүүчү аянттар;Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү Төө-Моюн кен калдыгы;Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар №12 айылындагы үч кен калдыгы;Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылындагы калдык сактоочу үч жай;Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кан айылындагы калдык сактоочу эки жай.2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

2024-жылы 2-сентябрда Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында “Туюк-Суу” уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылган.

Ошол эле жылы 1-июнда Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. ӨКМ автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Бирок кийин автоунаа сайга кулаган учурда ичинде уран калдыгы болгону аныкталган. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net