Бишкекте мейманканадагы өрттөн эки киши жабыркады
Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан Kausar мейманканасында өрт тутанып, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, мейманканадагы өрт түшкү саат 15:00гө жакын өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгы билдиргендей, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү.
Иске ууланган эки жаран медициналык жардам алышты. Алардын абалы туруктуу экени айтылды.
1-апрелге караган түндө Ош шаарындагы жер үйлөрдүн биринде өрт чыгып, кырсыктан 69 жаштагы адам каза болгон.
5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. (КЕ)
