Бишкекте жана Ошто жалпы 1,5 миңдей дарак отургузулду
Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрүлүп, ага 60 миңден ашуун шаар тургуну катышты.
Ишембиликтин алкагында баш калаада 740 жаңы дарак отургузулганын мэриянын басма сөз кызматы 4-апрелде кабарлады. Көчөттөр Адинай, Фучик парктарында отургузулду.
Ушундай эле ишембилик Ош шаарында да өтүп, ийне, жазы жалбырактуу жана мөмө берүүчү бактардын көчөтү, гүлдөр отургузулду. 187,2 гектар жер аянты, 12100 метр ирригациялык арыктар тазаланып, 870 куб таштанды чыгарылды.
Шаарда буга чейин рекультивацияланган Учар көрүстөнүнүн ордун экологиялык жактан калыбына келтирүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында 2,16 гектар жерге 600гө жакын көчөт отургузулду.
Ошто жалпы сегиз эски мүрзө сүрдүрүлгөн. Буга чейин алардын биринин ордуна 1300 көчөт отургузулуп, жашыл зонага айландырылган.
Мурдагы шаар бийлиги эски мүрзөнүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатын көздөгөнү кабарланган.
Мэр Жанарбек Акаев Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирген. (КЕ)
