Прокурор "Куликов" менен чырлашкан блогер Орозбековго 200 миң сом айып пул салууну өтүндү
Бишкектин Свердлов райондук сотунда 27-мартта тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековдун иши каралып, тараптар жарыш сөзгө чыкты.
Прокуратура блогерге жалпы жонунан 200 миң сом айып пул салууну соттон суранды.
Бул тууралуу адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун айтымында, кийинки отурум 1-апрелге белгиленди. Бул күнү сот чечим чыгарышы керек.
Блогер Айтилек Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы өз каналында "Куликов" кофеканаларынын бири жөнүндө видео чыгарган. Ал кондитердик жай башка бир жаранды "кыргызча тейлебейбиз" деп чыгарып коюшканын айтып, андан соң телефон аркылуу компаниянын операторунан кыргыз тилинде тейлөөсүн талап кылган. Видеонун соңунда блогер "Куликов кофеканасына кыргыз тилин сыйлабагандыктан келбөөңүздөрдү өтүнөм" деп чакырган.
Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан.
Иш тергелип бүтүп, былтыр июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып баштаган. "Куликов" ишканасы блогердин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу өтүнүчүн келтирген.
Окуя быйыл январдын башында ачыкка чыгып, коомчулукта кеңири резонанс жараткан.
Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кондитердик компанияга бойкот жарыяласа, кээ бирлери, тескерисинче, бул ишканага колдоосун билдиришкен.
Соңунда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Орозбеков элдешип, компания соттон арызын кайтарып алган. Бирок соттук териштирүү токтобой турганын, судья же актаган, же айыптаган өкүмүн жарыялашы керек болорун блогердин адвокаты билдирген. (КЕ)
