Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Трамп Ирандын энергетикасына сокку урууну 10 күн токтото турарын жарыялады

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүү үчүн Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну дагы 10 күнгө жылдырууну чечкенин жарыялады. Ал мындай чечим Иран өкмөтүнүн өтүнүчү менен кабыл алынганын билдирди, бирок Тегеран муну четке кагууда. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

"Иран өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча мен электр станцияларына сокку уруу мөөнөтүн 10 күнгө, 2026-жылдын 6-апрели, дүйшөмбү, саат 20:00гө чейин (чыгыш сааты боюнча) токтотуп жатам. Сүйлөшүүлөр уланып жатат жана айрым фейк маалымат каражаттары, башка булактарда жалган билдирүүлөр менен жалган маалыматтарга карабастан сүйлөшүүлөр абдан жакшы өтүп жатат", - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасына.

Өткөн дем алыш күндөрү Трамп эгер Тегеран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса Ирандын электр станцияларын “жок кылам” деп коркуткан. Иран бийлиги буга жооп кылып, кысыкты жүк ташуу үчүн толугу менен жаба турганын жарыялаган.

Дүйшөмбү күнү Трамп АКШ жана Ирандын согуштуу токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү "жемиштүү" болуп жатканын айтып, Ирандын энергетикасына сокку урууну беш күнгө токтотууну буйруган.

Шаршембиде Иран АКШ сунуштаган 15 пункттан турган тынчтык планын карап жатканын билдирип, ошол эле учурда жаңжалды токтотуу үчүн өзүнүн беш шартын сунуштаган.

Трамп дагы бир билдирүүсү аркылуу НАТОну АКШга бул кампанияда жардам бербей жатат деп сынга алып, "Америкага НАТОдон эч нерсе керек эмес" деп жазды.
Трамп Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну токтотконун жарыялагандан кийин дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы түшө баштады.

Өткөн жумада Трамп НАТОдон мунай жана газ ташууда маанилүү болгон Ормуз кысыгын коргоого жардам берүүнү суранган. Азыр ал жакта кеме кыймылы дээрлик токтоп турат. Буга Ирандын айрым кемелерге жасаган соккулары жана жаңы коркутуулары себеп болду.

НАТОго мүчө болгон айрым Европа өлкөлөрү жаңжал аяктагандан кийин жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдиришсе, башкалары конкреттүү план жок болгондуктан бул өтүнүчтү түз эле четке каккан.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net