Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун мөөнөтү 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор кабарлады.
1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.
"Унаа" мекемесинин маалыматына караганда, күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясынын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык күбөлүк жаңыртылды.
Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жоюлары, ордуна он жылдык мөөнөткө жаңы документ бериле баштары былтыр күзүндө жарыяланган. 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган.
Башта мөөнөтсүз күбөлүктү алмаштыруу үчүн айдоочулар медициналык кароодон өтүүгө тийиш болчу. Ушундан улам ооруканаларда узун кезектер пайда болуп, кийин медициналык кароодон өтүү талабы жокко чыгарылган.
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жарандар сынаксыз жана акысыз ала турганы айтылганы менен документин “Түндүк” тиркемеси аркылуу жаңылаган жарандар ал үчүн 600 сомдон 1200 сомго чейин акы төлөшкөнүн билдирүүдө. (КЕ)
