"Франкофония Жазы-2026" Бишкекте жана Ошто өтөт
Бүгүн 25-марттан тартып 12-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында жыл сайын уюштурулуучу франкофония иш-чарасы өтөт. Швейцариянын элчилигинен кабарлашкандай, быйылкы программа француз тилинин жана франкофония маданияттарынын көп түрдүүлүгүн жана чыгармачылыгын даңазалаган билим берүүчү, маданий, көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт.
Бул жолку фестивалдын темасы – “Аялдар жана Франкофония”. Бардык иш-чаралар Франциянын, Швейцариянын, Бельгиянын, Румыниянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ошондой эле 20га жакын кыргызстандык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулуп жатат.
Франкофония Жазы-2026 француз пианисти Кристин Фонлюпттун Бишкекте Улуттук филармонияда өтө турган концерти менен башталат. 7-10-апрель күндөрү “Ала-Тоо” кинотеатрында тасмалар көрсөтүлөт. Бий, мода, сүрөт, жазуу жана ыр конкурстары, театралдык оюндар, конференциялар өтөт.
Ош шаарында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын кыз-келиндер командаларынын катышуусунда регби боюнча эл аралык турнир болот.
Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулгандыгы боюнча бешинчи орунду, Интернетте кеңири колдонулган тил катары төртүнчү орунду ээлейт жана мааниси жагынан үчүнчү ишкер тили болуп саналат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт.
Эл аралык Франкофония уюмуна 88 өлкө кирет, 29 өлкөдө француз тили расмий макамга ээ.
