Чүйдө тапанча менен карактоого шектелип үч адам кармалды
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө К. Э. аттуу жаран кайрылып, 18-мартта саат 23:00 ченде тааныш адамы дагы эки белгисиз киши менен курал такап коркутканына даттанган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүлөр жабырлануучуну алтын сатабыз деп чакырышкан, ал барган кезде тапанча менен коркутуп, акчасын алууга аракет кылышкан.
Иликтөө учурунда шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталган, 25 жаштагы Д.А., 28 жаштагы Ж.А. жана 29 жаштагы Д.К. курал колдонуп, каракчылык кылууга алдын ала даярданышканы белгилүү болгон. Милиция үчөөнү тең кармаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар райондук соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилди.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.(ZKo)
