УКМКнын алдында "Маалыматтык коопсуздук борбору" ачылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдында "Маалыматтык коопсуздук борбору" деп аталган мекеме түзүлдү.
23-мартта аталган мекеменин административдик имаратынын ачылышы болду.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, "Маалыматтык коопсуздук борборун" түзүү - учурдун глобалдык чакырыктарына жооп, ошондой эле улуттук киберкоопсуздук системасынын жана жалпы өлкөнүн санариптик инфратүзүмүнүн коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам.
"Мекеме өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт", - деп жазылган маалыматта.
"Маалыматтык коопсуздук борбору" мамлекеттик жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди түзөт жана коопсуздук тармагында жогорку кесипкөй IT-адистерди даярдай турганы айтылды.
Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган. Киберчабуулдарга каршы туруудан тышкары өлкөнүн өзгөчө маанидеги санариптик кызматтарынын туруктуулугун камсыздары кабарланды.
Буга чейин УКМКда Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбор түзүлгөн. (ZKo)
