Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Беларус бийлиги 250 саясий туткунду бошотту

0

Беларус бийлиги 19-мартта бир катар саясий туткундарды бошотту.

Маалыматтарга ылайык, алардын арасында коомдук ишмерлер, оппозициялык активисттер, журналисттер жана 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын катышуучулары бар.

АКШнын Вильнюстагы элчилиги жалпы 250 адам бошотулганын билдирди. Алардын 15и Литванын аймагына жеткирилген, 235 киши Беларустун ичинде. Бул соңку жылдардагы абактан эң көп адам бошотулган учур.

"Свобода" радиосунун беларус кызматы активист Ким Самусенко менен журналист Катерина Андреева (Бахвалова) бошотулганын билдирди. Укук коргоочу Настя Лойко да эркиндикке чыккан.

Беларус лидеринин басма сөз кызматы Александр Лукашенко 250 адамга "гуманизм себептеринен" улам мунапыс бергенин маалымдады. Анткен менен өлкөдө саясий айыптар менен соттолгон жүздөгөн адамдар дагы деле абакта калууда.

19-мартта Минск шаарында Лукашенко менен АКШнын Беларус боюнча атайын чабарманы Жон Коул жолугушуп, саясий туткундарды бошотуу маселесин да талкуулашкан.

БелТА агенттигинин жазганына караганда Лукашенко "эки тараптуу мамилелерди, элчиликтин ишин калыбына келтирүүдөн тартып, “саясий туткун” деп аталгандарды бошотууга чейин талкуулап жатканын" айткан. "Бизде андай беренелер жок", - деген беларус лидери.

Лукашенко АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Кристофер Смит саясий туткундарды бошотууга "тыкыр көз салып" жатканын айтты.

"Беларус тарап биздин макулдашууларды аткарууга даяр. Бул жерде олуттуу көйгөйлөр болбойт деп ойлойм", - деди Смит.

Коул жолугушуудан кийин Вашингтон менен Минскинин алакасы жакшырганын, АКШ "Белинвестбанкка", Беларустун өнүктүрүү банкына жана Финансы министрлигине салынган санкцияны алып саларын билдирген.

Атайын чабарман Х социалдык баракчасына абактан бошотулган саясий туткундар менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Жон Коул Минскиге Литвадагы сапарынан кийин барды. Ага чейин ал Литванын премьер-министри Инга Ругинене менен жолуккан.

Трамптын атайын өкүлү Литва Сейминин өкмөттүн позициясына макул эмес жана расмий Минск менен диалог түзүүнү колдогон депутаттары менен да жолугушкан.

Депутаттардын биринин айтымында, Коул жолугушууда АКШ Вашингтон менен Минскинин мамилелери жакшыра турган болсо, Лукашенко режими Орусиянын жандоочусу болбой калат деп үмүт артарын белгилеген.

БелТА агенттигинин маалыматында, Коул Лукашенко менен "АКШ сапары" тууралуу да сүйлөшкөнүн жана тараптар аны уюштуруу ишин алып барарын билдирген. Коул Трамптын демилгеси менен түзүлгөн "Тынчтык кеңешинин" ишине катышуу үчүн Лукашенкого чакыруу берилгенин дагы бир жолу ырастаган.

Коулдун буга чейинки Беларус сапарлары да саясий туткундарды бошотуу менен коштолгон. Адатта алар Литванын аймагына өткөрүлүп келген. Өз кезегинде АКШ Беларуска каршы айрым санкцияларды жумшарткан. Маселен, өткөн жылдын сентябрында жана декабрында Мария Колесникова, Виктор Бабарико баштаган саясий туткундар бошотулгандан кийин Вашингтон "Белавиа" жана "Беларуськалий" компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net