Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Орусия мигрантты өлкөдөн милдеттүү түрдө чыгара ала турган мыйзам долбоорун даярдоодо

0

Орусия өкмөтү чет өлкөлүк жарандарды Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин 20 беренеси боюнча сөзсүз түрдө өлкөдөн чыгарууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлиги даярдаган документке таянып жазды.

Министрлик сунуштаган беренелердин катарына өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу, «жагымсыз уюмдардын» ишине катышуу, уруксатсыз митингдерге катышуу, иш таштоого мажбурлоо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянат пайдалануу, майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө кирет.

Айрым беренелерде чет өлкөлүктөрдү Орусиянын аймагынан чыгаруу азырынча мүмкүн болгон жазалардын бири катары гана каралган. Бирок Юристтер ассоциациясынын башчысы Владимир Груздевдин айтымында, жаңы мыйзам кабыл алынса бир катар беренелер боюнча бул чара негизги айып пулга кошумча милдеттүү жаза болуп калат.

Мыйзам долбоору ошондой эле 14 беренеде айып пулдарды көбөйтүүнү сунуштайт. Айрыкча Орусияга кирүү эрежелерин бузуу, чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз ишке тартуу же алардын мыйзамсыз эмгек ишмердиги үчүн айып пул 2–5 миң рублдан 4–7 миң рублга чейин жогорулатылат.

Ички иштер министрлигинин түшүндүрмө катында мигранттар катышкан жапырт мушташтар жана тартипсиздик тууралуу да айтылат. Министрлик миграция агымы «коомдогу чыңалууну күчөтүп, экстремизм жана терроризм идеологдору үчүн ксенофобиялык зомбулукту актоого кошумча себеп болуп калышы мүмкүн» деп эсептейт.

Мигранттарга жардам берүү борборунун жетекчиси Вадим Коженов бул мыйзам мигранттарга олуттуу таасир этпеши мүмкүн экенин айтты. Анын пикиринде, мигранттар массалык түрдө мыйзам бузууга жакын эмес, ал эми мушташ үчүн азыр деле аларды 30–40 жылга чейин өлкөдөн чыгарып жиберишет.

2024-жылдын март айында Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик борборунда болгон теракттан кийин аны уюштурган деп бир нече тажик жараны айыпталган соң Орусияда ксенофобия күчөгөн. Андан кийин Мамлекеттик Дума мигранттарга каршы ондогон мыйзамдарды кабыл алган.

Натыйжада Орусияда «көзөмөлдөгү адамдардын реестри» түзүлүп, миграция мыйзамдарын бузган бардык чет өлкөлүктөр ошол тизмеге киргизиле баштаган. Мигранттардын балдарына орус тили боюнча экзамен тапшырмайынча мектепке кирүүгө тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелеринен өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктоо талап кылынат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери чет өлкөлүк жарандардын саны 6,3 миллиондон 5,7 миллионго чейин (10%) азайган. Бул негизинен жашы жете элек чет өлкөлүктөрдүн саны дээрлик 25 пайызга кыскарганы менен түшүндүрүлөт.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net