Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголду

0

Мамлекеттик салык кызматынын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы жемкорлук схемалары тууралуу иликтөөсү жарыялангандан кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Коррупция" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистери менен бирге "кылмыш иштин бардык жагдайларын толук жана калыс иликтөөгө, ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга" багытталган тиешелүү тергөө аракеттер жүргүзүлүп жатат.

16-мартта Салык кызматы "Өз адамдар үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды кантип курутушту" аттуу иликтөө жарыялаган. Анда "Кыргызнефтегаз" ишканасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө маалыматтар камтылган. Мыйзамсыз ишке УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев жана анын жакындары аралашканы айтылган.

"Көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары "Кыргызнефтегаз" ААК стратегиялык маанидеги жана толугу менен мамлекеттик менчикте экенин билишип, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына натыйжалуу жүргүзүү милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган", - деп айтылды ИИМ тараткан маалыматта.

Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш ишин козгогону айтылды.

Салык кызматынын иликтөөсүндө мунайга байланыштуу ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд 148 млн 908 миң сом кирешеден куру калганы белгиленген.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматтан алынышын Германияда укканын жана күтүүсүз болгонун айткан. Кийин Кыргызстанга келип, кайра чет жакка чыгып кеткен. Ал акыркы саясий окуялар боюнча пикирин билдире элек.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net