Чүйдө эки адамды өлтүрүүгө айыпталып төрт шектүү кармалды
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы эки кишинин өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 7-мартта Чүйдүн Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бишкек-Ош автожолунун 48-чакырымындагы Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы жерден болжол менен 200 метр батышта айдоо талаасынын четинен зомбулук менен өлтүрүлгөн эки эркек кишинин сөөгү табылган. Тергөөдө маркумдар 23 жаштагы К.Б. жана 27 жаштагы Д.Д. экени аныкталган. Д.Д. 1-марттан бери дайынсыз делинип, изделип жаткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары төрт адам кармалды (25 жаштагы К.О., 19 жаштагы С.Б., 21 жаштагы М.Б. жана 20 жаштагы С.У.). Алардын ичинен үчөө Баткендин Кадамжай районунан колго түшкөн. Ал эми бул кылмышты уюштурган деп айыпталып жаткан К.О. Оштон кармалган. Шектүүлөрдүн баары Чүйгө жеткирилип, эки айга камалды.
Тергөөдө алар эки кишини 25-февралда ижарага алынган үйгө алып барып, акчасын, iPhone 13 жана iPhone 15 уюлдук телефондорун тартып алып, кийин “ЦУМ” жана “Берекет Гранд” соода жайларында сатып жибергени такталган. Аларды ачка кармап, 26-февралда Бишкек–Ош автожолуна жакын жерге алып барып сабап, мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөнү айтылат. Сөөгүн жерге көмүп, кийимин жолго ыргытып жиберишкени такталган. Ушул тапта тергөө жүрүп жатат. (BTo)
