Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Матраимовдун өкүл баласы Сайпидиновдун иши сотто карала баштады

0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын тарапташы Мунарбек Сайпидиновдун иши Оштун Кара-Суу райондук сотунда каралып баштады. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, күбөлөр келбей калгандыктан кийинки соттук жараян 18-мартка дайындалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Мунарбек Сайпидинов, Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан ушул күнгө чейин жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси – “Коррупция” менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусияда кармалып, 2025-жылы 7-августта Кыргызстанга алынып келген. Ушул тапта камакта жатат.

Мунарбек Сайпидинов былтыр 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.

Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу сот жообуна тартылган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

2021-жылдын 11-январында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, аны 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.

Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net