Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

8-мартта Бишкекте тынч жүрүшкө уруксат берилбей, Горький багында акция өтө турган болду

0

Быйыл Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө карата тилектештик маршын өткөрүүгө коопсуздукка байланыштуу уруксат берилген жок. Анын ордуна борбор калаадагы Максим Горький сейил багында акция өтөрүн иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Алар акциянын жүрүшү тууралуу бир катар талаптарын социалдык тармактарга жайгаштырды. Иш-чарада коомдук тарипти көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлери да болот. Акцияга чыккандардын плакаттарына жазылган сөздөргө да байкоо жүргүзүлөт.

Мунун алдында уюштуруучулар маршты өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Тынч жүрүштү Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин өткөрүү ниети болгон.

8-мартта жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева көтөргөн. Ал калаа бийлигине жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгилеген.

Былтыр Бишкекте 8-март күнүнө арналган өнөктүк “Жаша аялзаты, жаша!” деген ураан менен уюштурулуп, жүрүштүн катышуучулары эски аянттан Горький аянтына чейин басып барышкан.

Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону, коопсуз жашоосун камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышкан.

Кыргызстанда жыл башынан бери бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумду. Бишкектеги балдар дарыгери, 28 жаштагы Айгүл Зибированын сөөгү батирлердин биринде 2-январга караган түнү табылган. Жакындары ошол учурда анын жанында чогуу иштеген мурунку жигити болгонун билдиришкен. 3-январда Сузакта да 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза болгон. Марттын башында Ноокатта 21 жаштагы келиндин сөөгү асынган абалда табылган. Маркум келин ошол күнү апасына Вотсаптан "күйөөсү дагы уруп жатканын" жазганга үлгүргөн.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери жарандык акция, митинг өткөрүү шарттары чектелген.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net