Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп берди
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Көзөмөл комитетинде Эпштейндин ишине байланыштуу суроолорго жооп берди. Комитеттин жыйыны жабык өттү жана алты саатка созулду.
Анын алдында Билл Клинтон X социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, америкалык финансист, маркум Жеффри Эпштейн менен өзүнүн кайрымдуулук фондуна байланыштуу гана иштерден улам тааныш болгонун, анын мыйзамсыз, кылмыштуу аракеттери тууралуу убагында билбегенин жазды.
Мурдагы президенттин жубайы, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон дагы мындан бир күн мурда аталган комитетте көрсөтмө берген жана Эпштейн менен жолукпаганын айткан. Ал бул иштин алкагында Кошмо Штаттарынын азыркы президенти Дональд Трамп дагы Конгрессте суроолорго жооп бериши керектигин билдирген.
Эпштейндин ишине байланыштуу жарыяланган документтерде Билл Клинтондун сүрөттөрү болгон жана электрондук кат алышууларда аты аталган. Ошондой эле Эпштейндин жеке учагына бир канча жолу түшкөнү аныкталган.
Жеффри Эпштейн 2019-жылдын жайында АКШда камакка алынып, кыздарды, анын ичинде 14 жаштагы кыздарды да сатуу жана сойкулукка азгыруу беренелери менен айыпталган. Ошол эле жылдын август айында 66 жаштагы миллиардер сот алдында түрмөдө өз жанын кыйган. Анын сүйлөшкөн кызы жана, сот аныктагандай, шериги Гислен Максвелл сексуалдык сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн 20 жылга кесилген.
Саясий жана бизнес ишмерлер сыяктуу көптөгөн жогорку кызматтагы чиновниктер Эпштейнди билишкен же аны менен кат алышып турушкан.
Бул иштин алкагында быйыл 19-февралда мурдагы британ ханзаадасы Эндрю кармалып, 12 сааттан кийин бошотулган. Анын үстүнөн иликтөө иши уланууда.
Лондондо Улуу Британиянын АКШдагы экс-элчиси, Лорддор палатасынын мурдагы мүчөсү, Лейбористтер партиясынын көрүнүктүү ишмери Питер Мандельсон камалган.
