Акыйкатчы кош бойлуу өспүрүм боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда турмуштук оор кырдаалда калган кош бойлуу 16 жаштагы өспүрүм кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле анын апасы, өзүнө өрт коюп каза тапканы айтылып жаткан аялдын - төрт баланын энесинин өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Мекеменин маалыматына караганда, Жаманбаева укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырды.
Омбудсмен мындан тышкары маркум келиндин артында калган балдарынын укугун коргоо жана аларга социалдык көмөк көрсөтүүдө комплекстүү чаралар зарылдыгын белгиледи.
Акыйкатчы аялдын өзүнө өрт коюусу райондук милициянын автоунаа токтотуучу жайында болгонун кабарлады.
Учурда акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү 16 жаштагы кыздын, маркумдун башка жашы жете элек балдарынын укуктарын коргоо максатында тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалды.
Ак-Суу районунун 41 жаштагы тургуну 25-февралда 16 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин уккандан кийин өзүнө өрт койгонун, натыйжада күйүктөн алган жаракатынан ооруканада көз жумганын милиция кабарлаган.
Маркум аял күйөөсү менен 2013-жылы ажырашканын, 2025-жылы кайрымдуулук фонддордун биринин жардамы менен үй тургузуп, Ак-Сууда жашап жатканын, айылда аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турганын жергиликтүү бийлик "Азаттыкка" билдирген. (ZKo)
