Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Депутат Мамытов “75чилердин кайрылуусу” ЖКга киргизилип, каралбай калганын айтты

0

Жогорку Кеңештеги “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун лидери, депутат Талант Мамытов президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу парламентке түшүп, ал тармактык комитетке чейин жеткенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Кыргызстандын 75 жараны кайрылган. Анын ичинен көпчүлүгү аксакалдар. Бул парламентке келген (ред: кайрылуу) жана тиешелүү комитетке чейин жетип, кароо алдында турган. Албетте, анын жыйынтыгы кандай болмок бизге белгисиз. Кайрылуу келгенден кийин ошол кездеги төрага, тиешелүү тармактык комитеттин төрагасы тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык каралсын делген резолюция менен түшүрүлгөн. Конституциялык соттун чечими чыккандан кийин тиешелүү адамдарга соттун чечими менен жооп берилгенин мен билем”, - деди ал.

Талант Мамытов шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу маселени Жогорку Кеңешке жеткирбеш керектигин, конституциялык беренелерди Конституциялык сот гана чечмелеп бериши зарыл экенин айтып келет.

Маселе парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралууга тийиш болчу.

Конституциялык сот 17-февралда президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт, Жапаров азыр бийликтеги биринчи мөөнөтүн иштеп жатат жана кийинки шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу деген бүтүм чыгарган.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырды. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген. Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов жана Элдар Сулайманов да өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net