Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

Орусияда мигранттардын 18ге толгон балдары патент алууга милдеттүү болот

0

Орусия өкмөтү патент менен иштеген мигранттардын балдары 18 жашка толгондон кийин 30 күн ичинде өз алдынча патент алууга милдеттендирүүчү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизди. Патент албагандар өлкөдөн чыгарылат.

"Орусияда жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Мамдуманын документтер базасында 21-февралда пайда болду.

Мигранттардын жашы жете элек балдары ата-энелеринин уруксат документтери жарактуу болгон мезгилде өлкөдө калуу укугун сактап калышат, бирок бул үчүн ата-энелердин бири өзү жана аны коштоп жүргөн ар бир бала үчүн жеке киреше салыгынын белгиленген өлчөмүн алдын ала төлөшү керек болот.

Мигранттардын балдарынын макамын тескөөдөн тышкары, Мамдумага киргизилген мыйзам долбоору патент берүү жана узартуунун кошумча критерийлерин киргизет. Ага ылайык, эгер Орусияда иштеген мигранттын кирешеси ар бир үй-бүлө мүчөсүнө эсептегенде жашоо минимумунан аз болсо, патент жокко чыгарылат. Салык кызматы чет элдик жарандардын үч, алты, тогуз айлык жана бир жылдык кирешеси тууралуу маалыматты автоматтык түрдө Ички иштер министрлигине (ИИМ) берип турары болжолдонууда.

Мамдумага киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү Финансы министрлиги президент Путиндин тапшырмасы менен даярдаган. Мыйзам долбоору күчүнө 2027-жылдан тарта кириши ыктымал.

28-январь күнү Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк бир жылда Орусияда жашы жете элек чет элдик жарандардын саны 25% азайганын билдирген. 28-январдан тартып, ИИМ менен билим берүү органдарынын чет өлкөлүк балдар тууралуу маалымат алмашуусу тууралуу мыйзам күчүнө кирген.

Орусия акыркы жылдары миграциялык мыйзамдарын катаалдатып келет, анын ичинде мигранттардын балдары орус тилинен сынак тапшырмайын мектепке кабыл алууга тыюу салынган, ал эми алардын ата-энелери Орусияда жүрүү абалын мыйзамдаштырууга милдеттендирилген. Натыйжада былтыр сентябрда мигранттардын 87,5% мектепке кире алышкан эмес.

2021-жылдан бери Мамдума мигранттарга каршы маанайдагы 73 мыйзам долбоорун караганын "ДумаБинго" долбоору санап чыккан. Анын 38и 2024-жылы "Крокустагы" теракттан кийин каралган.

Мигранттарга каршы негизги мыйзамдардын бири - Көзөмөл реестри, ага миграция мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар киргизилет. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин былтыр октябрда ИИМге шилтеме кылып, 1-сентябрга карата көзөмөл реестринде 770 миңден ашуун мигрант бардыгын, анын үчтөн бир бөлүгү аялдар жана балдар экенин билдирген.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net