УКМКнын коррупцияга каршы күрөшкөн 6-башкармалыгынын жетекчиси камакка алынды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 15-апрелге чейин камакка алынды.
Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Райондук соттун маалыматында, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кине тагылды.
Тилек Абдыкалыков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлгандан кийин жемкорлук менен күрөш 6-башкы башкармалыкка жүктөлгөн.
Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгынан алынгандан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалды. УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, Жакыпбековдун жакыны деп айтылып жаткан дагы бир кызматкер - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов кармалды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат жана козголгон кылмыш иштери тууралуу азырынча маалымат бере элек. (BTo)
