Депутат Мамытов президенттик шайлоо тууралуу талашка парламент да аралашканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу парламентке киргизилгенин, мындай талаш жараткан укуктук маселе Конституциялык сотто каралышы керектигин билдирди. Бул тууралуу 18-февралда мандат алып, ант берген Талант Мамытов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Мындай каттар эмнеге парламентке алынып келип, парламентте кароого тийиш болгон, эмне үчүн Конституциялык сотко кайрылган эмес? Анткени конституциялык беренелерди Конституциялык сот гана чечмелеп бериши керек. Президент да, жарандык коом да ушул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылып, тиешелүү жооп алды. Маселе буга чейин эле ушундай жол менен чечилиши керек эле”, - деди ал.
Талант Мамытов кайрылуу Жогорку Кеңешке качан түшкөнү, аны кимдер караганы тууралуу айткан жок. Буга чейин сөз болуп жаткан кайрылуу парламентте талкуу болгон-болбогону жөнүндө маалымат жок.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кайрылуу социалдык тармактарга тараган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады.
Конституциялык сот 17-февралда президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун карап, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт деген түшүндүрмө берди.
Садыр Жапаров буга чейин “Жогорку Кеңеште айрым депутаттар депутаттарды президент тарапта же Камчыбек Ташиев тарапта” деп бөлүп-жарып баштаганын айткан. Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. 13-февралда Бишкекке кайтып келип, 17-февралда чет жакка чыгып кеткен Ташиев кайсы өлкөгө жана эмне үчүн кеткени айтылган жок.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан. (BTo/DSh)
