Өкмөт башчы ишкерлерди текшерүүнү токтотуу керектигин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-февралда Ош облусуна болгон иш сапарында Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Анда өкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотуу керектигин айтты.
“Эгерде мыйзам бузса анда бир жөн. Жөн эле барып алып мынча бер, тигинче бер деген токтотулсун. Прокуратура катуу көзөмөл кылыңыз. Алардын (ред: ишкерлердин) эконимикага салымы абдан чоң. Алардын салыгы менен курулуштар болуп, биз жашап атабыз”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу мораторий да жарыяланганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров буга чейин ишкерлер укук коргоо органдарынан тартып, салык жана башка көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсүнөн тышкары жергиликтүү бийлик, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ашыкча текшерүүлөрүнө кабылып жатканын белгилеп, бийликтер ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен фактылар бар экенин айткан. Ушундан улам ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет. (BTo)
