"Кыргыз туусу" маалымат-басма үйүнүн" жетекчилигине Галина Байтерек дайындалды
Жаңы мамлекеттик медиа бирикме – "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйүн" түзүү токтомуна Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул президенттин аталган мамлекеттик мекемени түзүү жарлыгын ишке ашыруу жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы мекеме "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрүн, "Байчечекей" балдар журналы менен "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын редакцияларын бириктирүү жолу менен түзүлдү.
Министрлер кабинетинин токтому менен "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, штаттык сандын чеги, кызматкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар бекитилди.
Айрым мамлекеттик агенттиктердин маалымдашынча, жаңы мекеменин жетекчилигине Галина Байтерек дайындалды. Ал буга чейин президенттик администрациянын алдындагы илим, билим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүн жетектеп турган. Ага чейин 2020-жылы учурдагы президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы болуп иштеген.
Мамлекеттик маалымат-басма үйүн толук мамлекет камсыздайт. Кыргызстанда мындан тышкары мамказынадан каржыланган "Эркин Тоо" басылмасы, УТРК жана ЭЛТРК телерадиоканалдары бар.(ZKo)
