Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Өкмөт лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдатууну сунуштады

0

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду.

Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформаларды, социалдык тармактарды, мессенжерлер жана сайттардын жардам менен кайрымдуулук жана жарнамалык акция катары көрсөтүп, мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган.

Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз каражатынан ажырап калышына, шылуундуктун түрлөрүнүн көбөйүшүнө, социалдык көз карандылыкка, кылмыштуу жол менен тапкан каражаттарды адалдоого шарт түзөрү белгиленген. Мындан тышкары бул багытта мыйзамдуу иш алып барган лотерея ишмердигине ишенимди кетире турганы, көмүскө иш алып барганы үчүн салыктык төлөмдөр төлөнбөй калары көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, бинардык опциондоруна кумар оюну деген аныктама берилип, эми бул ишмердүүлүктү жүргүзүүгө, аны жарнамалоого жана ортодо ортомчулук кылуу үчүн акча же криптовалюта алууга тыюу салынат. Буга байланыштуу интернет провайдерлери жана банктар алардын ишмердигин жүргөн сайттарды жана акча которууларды бөгөттөшү керек болот.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине 219.2-беренеси (Лотереяны мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү) кошуу сунушталууда. Ага ылайык, интернетте мыйзамсыз лотерея уюштурууда жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып каралган. Эгерде ушул кылмыш уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан, балдарды тартуу менен жасалган болсо, 3-5 жылдык абак жазасы кирет.

Долбоордо жарандардан лотерея үчүн кошумча акы албай, товар же кызмат үчүн акысыз билет берип, белегин өз эсебинен каржылаган ишмердикке тыюу салынбай турганы жазылган.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2022-2025-жылдары мыйзамсыз лотерея ишмердиги боюнча укук коргоо органдарына 29 фактыны кабарлаган жана уюштуруучуларга 28 билдирүү берген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалганын утур-утур кабарлап келет. Былтыр күзүндө Ош шаарында бул багыттагы ири схема түзгөн топту кармаганын маалымдаган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net