Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалды
48 жаштагы Орозбеков эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар кыл тармагында эмгектенген.
2017-2019-жылдары Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти болуп иштеген.
2023-2024-жылдары президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти болгон.
2025-жылдан бери президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Рустам Мамасадыковду президент Садыр Жапаров 10-февралда кызматтан бошотуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткондон кийин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.
Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны иштен алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди.
