АКШ Тынч океанда маңзат ташыган кемеге сокку урганын билдирди
АКШ Тынч океанда баңгизат ташып жүрөт деп шектелген дагы бир кемеге сокку урганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 9-февралда жасалган соккудан баңгизат аткезчилигине шектелген эки адам каза болду.
"Чалгындоо кызматы кеме Тынч океанда баңгизат аткезчилиги жолдору менен жүрүп баратканын тастыктады. Сокку учурунда эки наркотеррорист өлтүрүлдү", - деп билдирди АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Латын Америкасы жана Кариб бассейни боюнча Түштүк командачылыгы.
Бул АКШ аскерлери 3-январда Венесуэланын лидери Николас Мадурону жана жубайы Силия Флорести кармап, баңгизат терроризми, кокаин аткезчилиги сыяктуу айыптар менен АКШ бийлигине өткөрүп бергенден бери кемеге жасалган үчүнчү сокку болду. Жубайлар эч кандай мыйзам бузбаганын билдиришкен.
2025-жылдын сентябрь айынан бери АКШнын аскерлери Тынч океанда жана Кариб деңизинде баңгизат аткезчилигине катышкан деп шектелген ондогон кемелерге сокку урушту. Аскерлердин маалыматына караганда, бул операциялардын натыйжасында кеминде 130 адам каза болду.
