Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводундагы уу калдыкты тазалоо башталат

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводунун аймагындагы уу калдыкты тазалоо иштери башталарын билдирди. Буга байланыштуу Орусиянын “Росатом” мамлекеттик ишканасы менен баасы 321 миллион рублден ашкан келишимге кол коюлганын маалымдады.

“2025-жылы “Росатомдун” адистери бул объектиде техникалык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен бул жерди акырындык менен коопсуз абалга келтирүү чечими кабыл алынган. Келишимдин баасы 321 миллион 648 миң рублди түзөт. Алгачкы этапта 2026-жылы аварияга каршы биринчи кезектеги иштерди жүргүзүү, экинчисинде, 2027-жылы Орусиянын объектилеринде утилдештирүү каралган”,-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин адистер “Кристалл” заводунун уу калдыктар сакталган жайында жарылуу коркунучу пайда болгонун айтып келишкен. Эгер бул кампа жарылса жалпы чөлкөмгө чоң коркунуч жараларын эскертишкен.

Заводдун уу калдыктар сакталган жайына байланыштуу маселе курултайда дагы айтылган.

Маалыматтарга караганда, "Кристалл" заводунун кампасында 80 тоннадай уулуу трихлорсилан заты сакталып турат жана мындай зат сакталган цистерналарды дат басып, чирип баратат.

"Кристалл" 1985-жылы курулуп, эки жылдан кийин алгачкы товарлардын партиясы чыга баштаган. Өндүрүштүн негизги максаты чип салынган монокремнийлүү пластиналарды чыгаруу болгон. Анын өндүргөн каражаттары электроника жана татаал маалымат технологиялык жабдууларын жасоо үчүн колдонулмак.

Завод иштеп турган маалда КМШнын аймагында жок, дүйнө жүзүндөгү беш өндүрүштүн бири саналчу. Эгемендик жылдардан кийин толук иштебей калган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кристаллды” криминал ээлеп алганын, ал мамлекетке алынганын айткан.

Азыркы транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп турганда заводдун ишин жандандыруу үчүн үчүн инвесторлор бар экенин билдирген, бирок чоо-жайын тактаган эмес. Ошондон бери бул заводдун иши, инвесторлор тууралуу эч кандай расмий маалымат жок.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан уу калдык сактоочу 92 жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин топтому, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт жана аларды зыянсыздандыруу маселеси курч турат.

Буга чейин Нарында Жумгал районунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" уран калдыгын сактоочу жайын көчүрүү иштери башталган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net