Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Автомектеп маселеси: Маматалиев аткаруу бийлигине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды

0

Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев айдоочуларды даярдоо жана автомектептер боюнча реформаны ишке ашырууда аткаруу бийлигине мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтып чыкты. Бул тууралуу 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

“Баш мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин башында президент турат, Камчыбек Кыдыршаевич турат. Анан эмне, ал экөө жасап жаткан нерселерди жаман деп айта алабызбы? Же алар жасаган иштер башкача көрүнүп, аягы жаман бүтүп жатабы? Келиңиздер, ишенели. Аягына чейин чыдайлы. Көрөлү”, - деди Маматалиев.

Ал айдоочуларды окутуудагы он айлык мөөнөттү сүйлөшүп чечсе болорун, бул маселеден саясат кылуунун зарылдыгы жок экенин кошумчалады.

Депутат Улукбек Узакбаев да айдоочуларга талаптарды күчөтүү заман талабы экенин белгилеп, бул жаатта аткаруу бийлигинин саясатын колдоого чакырды.

Ушул эле күнү депутат Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин айтып чыккан. Ал депутаттардын милдети эл үнүн бийликке жеткирүү экенин, айдоочуларды окутуудагы өзгөрүүлөргө нааразылык күч экенин белгилеген.

Сулаймановдон кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сөздү улап, бийлик бутактарынын ортосунда “сый мамиле болушу керектигин, депутаттын сөзүн одоно сындоо аброй алып келбей турганын” айткан.

Мындан бир күн мурда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

28-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны учурунда айдоочуларды даярдоодогу өзгөрүүлөрдү депутаттар Жанарбек Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов, Болот Ибрагимов, Улукбек Карыбек уулу көтөрүп, Президенттин иш башкармалыгынын аракетин сынга алышкан.

Президенттин иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда аталган мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону, бири эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net