Кыргызстанда QR аркылуу төлөмдөр 908 млрд сомду түздү
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда QR аркылуу 525.1 млн төлөм жүргүзүлүп, жалпы суммасы 908.6 млрд сомду түзгөн. Бул 2024-жылкы суммадан 10 эсе көп. Ошондой эле QR аркылуу төлөм жүргүзүүлөр 8 эсе көбөйгөн.
Башкы банктын маалымдашынча, ушул тапта соода жана тейлөө тармактарында 114.1 миң QR-код орнотулган.
"Санарип төлөөгө жапырт өтүү накталай эсептешүүлөрдүн үлүшүн азайтат, экономиканын ачыктыгын жогорулатат, бизнес менен жарандардын финансылык кызмат алуусу жеңилдейт. Бул өзгөрүүлөр өлкөдөгү финансы системасын андан ары санариптештирүүгө негиз болуп берет", - деп белгилейт башкы тескөөчү банк.
Кыргызстанда 2024-жылы күзүндө жеке адамдардын мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулган. Улуттук банк мындай чара "накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында" киргизилип жатканын кабарлаган.
Накталай эмес төлөмдөргө өтүү аракетинде Мамлекеттик Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып мекеме-ишканаларды кызматкерлерине эмгек акыны банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттендирген. (ZKo)
