Каракол: Уксус ичип каза болгон келиндин мурдагы күйөөсү суракка алынды
Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну М.О. аттуу аял 2-февраль күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Анын алдында, 1-февраль күнү келиндин бир тууганы милицияга кайрылып, сиңдисин өз өмүрүнө кол салуусуна мурдагы күйөөсү жеткиргенин билдирип, даттанган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, келин 80% уксус ичип, ички органдарынын күйүгү менен ооруканага түшкөн.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, анын мурдагы күйөөсү суракка алынды. Жубайлар 2011-жылы баш кошушкан, эки баласы бар. 2025-жылдын сентябрында ажырашкан. Сурак учурунда мурдагы күйөөсү балдарынын апасы менен ажырашкандан кийин да сүйлөшүп турушканын, окуя болгон күнү келинди үйүнө жеткиргенин, кийинчерээк ал чалганын, бирок сүйлөй албаганын, үйүнө барган учурда келиндин абалын көрүп, "Тез жардам" чакырганын айтып берген.
Бул факты боюнча облустук милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтеп-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)
