ИИМ дагы бир автомектептин жетекчисине кылмыш ишин козгогону белгилүү болду
Бишкектин Биринчи май райондук соту дагы бир менчик автомектептин жетекчисине кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” ырастады. Райондук сот К.Ж. аттуу жарандын бөгөт чарасын 30-январда карап, үй камагына чыгарган.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы ага Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (“379-берене. Документтердин жасалмасын жасоо”) 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.
ИИМдин тергөөчүсү шектүүнү камакка алууну өтүнүп, сот өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Ушул эле райондук сот мындан мурда “Айдоочуларды даярдоо борбору” менчик автомектебинин жетекчиси Тагайбек уулу Медербек кармалып, бир айга камакка алынганын ырастаган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) кылмыш ишин козгогон.
Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.
Жеке менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тарта иш токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.
Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп жетекчилеринин катарында Медербек Тагайбек уулу мекеменин кызматкерлерине нааразылыгын билдирип, маалымат каражаттарына маек берген.
Бул маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун беришкен.
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилген. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.
Кийин президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон.
