Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

ТИМде тигүү тармагына тартылган чет элдиктерге байланыштуу маселе талкууланды

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкөдөгү тигүү тармагына, атамекендик ишканаларга тартылган чет элдиктерге байланыштуу маселелер талкууланды. Анда чет элдик жарандардын уруксат алуу тартибине киргизилген соңку өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди.

“Бул жолугушуу президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 21-январындагы тапшырмасын аткаруу жана миграциялык процесстерди оптималдаштыруу багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында уюштурулду”,-деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандардын көбү куруу жана тигүү тармагында эмгектенет. Мамлекеттен өлкө аймагында иштөөгө квота алгандардын саны 36 миң. Алардын 15 миңи Кытайдын, 3,8 миңи Пакистандын, калганы Түркия, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүн жарандары.

Садыр Жапаров 21-январда өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда бул тармактагы талылуу маселелер айтылып, аларды чечүүгө байланыштуу сунуштар айтылып, талкуу болгон. Президенттин басма сөз кызматы анда Жапаров өкмөткө, тиешелүү министрлик-мекемелерге көйгөйдү чечүүгө жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды бергенин кабарлаган.

Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.

Казакстандын Транспорт министрлиги кезектин узарышын Орусия Федерациясы тараптан текшерүүлөрдүн күчөшү менен түшүндүргөн. Орус бажычылары жана чек арачылары жүктөрдүн документтерине, анын ичинде санитардык жана фитосанитардык талаптар боюнча жаңы чараларды киргизгени маалым болгон.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

Тигүүчүлөрдүн көйгөйү Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, парламенттин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун 16-январдагы жыйынында ишкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда талкууланган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңден ашары маалымдалат.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net