Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

Соода-өнөр жай палатасы тигүү тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт

0

Соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандагы тигүү тармагын өзгөртүү үчүн атайын эксперттик топ түзөт. Топтун курамына палатанын, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер кирет.

Бул тууралуу чечим палатанын президенти Темир Сариевдин тигүү тармагынын өкүлдөрү менен 29-январдагы жолугушуусунда кабыл алынды.

Жолугушууда тармакты өнүктүрүү үчүн анын иштөө механизмдерин өзгөртүү сунушталды.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, жумуш тобу тигүү тармагындагы ачык иштеген ишкерлердин реестрин түзүп, чакан цехтерди бейформал сектордон акырындык менен алып салуу механизмдерин иштеп чыгат. Ошондой эле тигүү тармагына насыяларды бөлүштүрүү, тигүүчүлөрдү окутуу жана кесиптик өнүктүрүү жаатында алектенип, тармактын модернизацияланып өсүшү үчүн туруктуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоого милдеттендирилди.

Темир Сариев палата бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалог үчүн кызмат кылууга жана ачык-айкын, атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган кийим тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда мамлекет башчы экономикага салымы чоң, экспорттун жана ишкерликтин өнүгүүсүн негиздеп, элди иш менен камсыздап турган бул тармактын социалдык маанисин баса белгилеген. Жолугушууда тигүү тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча да сунуштар айтылган. Президент Садыр Жапаров тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тиешелүү министрликтерге, каржылык уюмдарга тапшырган.

Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.

Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net