Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

ИИМ таксиге лицензия берүү мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты

0

Ички иштер министрлиги 29-январдын кечинде маалымат таратып, таксиге лицензия берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартыларын жарыялады. Мекеменин билдирүүсүндө мындай чечим жарандардын кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.

ИИМ такси кызматын көрсөткөндөргө лицензия берүү мөөнөтү узартылбай турганын, 2-февралдан тарта лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталарын ушул аптада эскерткен. Мындан улам лицензия берген мекемелерде узун кезек жана элдин нааразылыгы пайда болгон.

Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, лицензия берүү мөөнөтү узартылбаса, таксинин баасы кымбаттап, миңдеген киши жумушсуз калат деген кооптонуу айтылган.

Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. ИИМ былтыр 12-сентябрда жеңил автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоону баштаган. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган.

Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна ишеним каттын, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү керек. Андан тышкары автоунаа техникалык жана айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама, үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттуулугу жок экенин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.

Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар, социалдык тармактар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында азыркы мезгилге чейин лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп келди, 8000дей жаранга жана 300дөн ашуун таксопаркка лицензия берилген.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net