Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

Бир жолку берилүүчү "Бала береке" төлөмүн 2027-жылы 11 миң бала алат деп болжолдонууда

0

2026-жылдын 1-январынан тартып президенттин “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирди. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал - бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат.

Бул туралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирген. Анын сөзүнө караганда:
4-балага – 100 миң сом;
5-балага – 600 миң сом;
6-балага - 800 миң сом;
7-балага – 1 млн сом;
8-балага – 1 млн 200 миң сом;
9-балага – 1 млн 500 миң сом;
Онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө – 2 млн сом берилет.
Жоомартова бул төлөмдү алууга арыз берген күнгө чейин жаран ошол аймакта эки жыл жашашы зарылдыгын эскертти.
“Бул бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнүп берилет. Мисалы, эне 4-баласын быйыл төрөсө, төлөмдү алуу укугуна бала бир жашка толгондо ээ болот. Ошондо 2027-жылдын 1-январынан баштап арыз менен кайрылышы керек. Арыз берүүнүн мөөнөтү да бар. Бала бир жашка чыккандан баштап 6 айдын ичинде арыз берилиши зарыл. Алты айдан өтүп кетсе, арыздар алынбайт жана бир жолку төлөм төлөнбөй калат. Ошол үчүн бала 1 жарым жашка чыккыча арыз берип жетишип калышы шарт. Акча каражаты арыз берген жарандын банктык эсебине которулат”, - деп белгиледи башкы адис.
Төлөмдү алууга арызга эненин паспорту (же кайрылман күбөлүгү), балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, аймакта туруктуу жашагандыгын тастыктаган документтер жана банктагы эсеп номуру кошо тиркелиши керек.
Жоомартова алдын ала эсептөөлөр боюнча 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда 11 миң балага “Бала береке” деп аталган бир жолку төлөм берилерин кошумчалады.

Адел Жоомартова ошондой эле 4-жолу төрөгөн балдары эгиз же үч эм болуп калса кандай болот деген суроого да жооп берген. Анын айтуусунда, эгиз балдар төртүнчү жана бешинчи бала деп эсептелет. Ошондо бул балдарга төртүнчү жана бешинчи балага каралган бир жолку төлөм берилет. Төртүнчү балага 100 миң сом, ал эми бешинчи балага 600 миң сом каралат. Бардыгы болуп 700 миң сом берилет. Үч эм төрөлсө да ушундай тартипте төлөм эсептелет.
Өлкөнүн Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2024-жылы 4төн 10 балага чейин төрөгөн 1900 эне катталган.
Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. (ZКo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net