Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Жанар Акаев кымбатчылык, айрым реформалар нааразылыкты күчөткөнүн айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айдоочулук күбөлүк боюнча өкмөттүн реформасына жана кымбатчылыкка байланыштуу коомчулукта бийликке нааразылык күчөгөнүн билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 29-январдагы жалпы жыйынында айтты.

“Реформа деген мындай болбойт. Реформаны эптеп, “кыргызча” жасап атышат. Министрлер кабинетинин төрагасына баш кылып реформа кандай болот, ал кайсы өлкөдө кандай ишке ашканын бул жакка келсе айтып береличи. Өнүккөн өлкөлөрдө реформалар кандай жасалган, анча-мынча жакшы китептер бар. Ошолорду береличи”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 5-февралда өкмөттүк саат болуп, Министрлер кабинетинин курамы парламентке келип акыркы талаштуу реформалар боюнча суроолорго жооп берерин айтты.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформаны президенттин иш башкармалыгы ишке ашырууда. Бул жааттагы талаш-тартышка президент Садыр Жапаров да комментарий берип, жеке автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык иштерди токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максаты менен түшүндүрдү. Бирок автомектептер кайсы мыйзамдын негизинде, кандай эреже менен мамлекетке өтөрүн түшүндүргөн жок.

Садыр Жапаров окутуунун начарлыгынан жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү азыр бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жатышканын, менчик автомектептерде иштеген адистер мамлекеттик автомектептерге жумушка алынарын айтты.

Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып чыгышты. Алар 26-27-январь күндөрү катары менен Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Бул маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында да көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун беришкен.

В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилген. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт. Окуунун баасы 19 миң сом деп бекитилди. Практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды курсанттар өз чөнтөгүнөн төлөйт.

Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net