Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

"Дарыгердин депозити": Таластагы нааразылыкка байланыштуу маалымат берилди

0

Таласка иштегени барган дарыгер, ординатор-интерндерге "Дарыгердин депозити" каражаты февралдын алгачкы күндөрүндө берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

28-январда "Азаттыктын" "Талас: аткарылбаган убада, алданган дарыгерлер" аталышындагы видеосу чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлашынча, Талас облусунун жетекчилигинин чакыруусу менен барып иштеп жаткан адистер "Дарыгердин депозити" программасына 2025-жылдын октябрь айында арыз тапшыра баштаган. Быйылкы жылдын каржылоосу февралда ачылып, аларга дароо акчасы жеке эсептерине которулат.

Мунун алдында өткөн жылдын сентябрында Таласка чакыруу менен барган 15 дарыгер жана 18 ординатор-интерн "Азаттык" аркылуу коомчулукка жана бийликке кайрылган. Алар өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгү ай сайын 40 миң сомдон кошумча айлык тууралуу убадасын аткарбагандыктан коңшу Казакстанга жана башка аймактарга кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Алар ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жаш адистерди жумуш орундарда кармап калуу максатында уюштурулган "Дарыгердин депозити" программасы боюнча да ай сайын 12 миң сомдук депозитти беш айдан бери ала албай келишкенине даттанган.

Бул программанын алкагында 500 жаш адис айлыгына кошуп депозит алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Программа алыскы аймактарда, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеген дарыгерлерге квартал сайын Социалдык фонддон жана салык чегерүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан 66 миң сом өлчөмүндө кошумча акы төлөйт.

Программага жалпы 476 адис камтылган: Нарын облусунда – 42, Баткенде – 116, Жалал-Абад – 113, Ош облусу – 75, Ысык-Көл – 73, Чүйдө – 23, Талас облусунда – 34. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 80 млн сом төлөнгөн.

Азыркы күндө, расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 6,5 миң дарыгер, 8,5 миң медайым, 3,5 миң санитардык кызматкер жана 2 миң техникалык тейлөөчү адис жетишпейт.

Жогорку квалификациядагы дарыгерлердин жетишсиздиги аймактарда курч. Өткөн жылдары айлыктын аздыгынан улам бир эле ооруканадан 5 дарыгер бир учурда жумуштан кеткен учурлар да катталган. Медицина кызматкерлери жеке клиникаларга же чет өлкөлөргө иштөөгө кетип калып жатканы азыр бул тармактагы негизги көйгөй. (KS)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net