Өкмөт "Манас" аба майданына чейин кошумча жол куруу долбоорун даярдады
Өкмөт өкүлдөрү 17-январда Бишкек шаарынын четиндеги "Манас" аба майданына чейин кошумча жол куруу долбоорун талкуулады. Анда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырым болорун билдирди.
"Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен башталчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт. Мындан сырткары Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым болгон эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда",-деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.
Билдирүүдө долбоордун баасы, каржы булагы, качан башталып, качан аяктары тууралуу айтылган эмес.
Буга чейин Манас аэропортуна чейинки жолдун абалы, тыгын өңдүү маселелер маал-маалы менен көтөрүлүп келген.
