Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иранда коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү уланууда

0

Иранда, 17-январга карата маалыматтарга караганда, айрым жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон турат, интернет байланышы дагы деле жок, эки аптадан ашуун убакыт уланган, миңдеген адамдын өмүрү кыйылганы айтылып жаткан нааразылык акциялары бийликтин катуу күч колдонуусунан кийин басаңдап калды.

Норвегияда жайгашкан ирандык укук коргоо уюмдарынын маалыматында курмандыктар миңдеп саналары айтылууда.

Алардын бири Hengaw (Hengaw Organization for Human Rights)укук коргоо уюмунун соңку маалыматында:

"Биздин көз каранды эмес булактар мурда нааразылык акциялары өткөн шаарларда жана айылдарда, ошондой эле ири демонстрациялар болбогон бир нече жерде аскерлер жана коопсуздук күчтөрү көп экендигин тастыктап жатышат", - деп кабарланды.

IHRNGO (Iran Human Rights) уюму 3428 адамдын өлүмү анык экенин 14-январда билдирген.

Ал эми АКШдагы ирандык HRANA (Human Rights Activist News Agency) бейөкмөт укук коргоо уюму каза болгондор 2677 адам экенин, кармалгандар 19 000ге жеткенин 15-январда маалымдаган.

Ирандын 1979-жылы тактыдан кулатылган акыркы шахынын уулу, АКШда жашаган Реза Пехлеви өлкөдөгү азыркы режим элдик толкундоолордун натыйжасында жок болоруна ишенерин 16-январда билдирди.

"Ислам жумурияты урайт — эгерде эмес, качан. Мен Иранга кайтып барам", - деди ал.

28-декабрда алгач экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстрацияларда бара-бара саясий талаптар, Ирандын азыркы бийлигинин кетишин, Пехлевинин кайтышын талап кылган ураандар айтылган.

Өлкө бийлиги митингдер тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында тутанды деген жүйө келтирген.

15-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши АКШнын өтүнүчү менен жыйынга чогулуп, анда Кошмо Штаттардын өкүлү Майк Уолц:

"Президент Трамп айтканын жасаган киши. Бул БУУда байкап отурганыбыздай аягы жок сөздөр эмес. Ал кыргынды токтотуунун бардык жолдору караштырылып жатканын ачык айтты", - деди.

Иран бийлигинин жапырт демонстрациялар чет мамлекеттердин кутуму деген билдирүүлөрүнөн улам Уолц Тегерандагы катаал режим "көчөгө чыккан иран элинин күчүн көрүп туруп ушундай калпты жайылтып жатканын" белгилеген.

Ирандын БУУдагы элчисинин орун басары Голямхоссейн Дарзи анын өлкөсү эскалацияны же тирешти каалабаганын айтып, америкалык өкүлдү "калп жана фактыларды бурмалоо" үчүн айыптаган.

"Иран эскалацияны же тирешүүнү каалабайт. Ошол эле маалда тикелей же кыйыр агрессияга, Хартиянын 51-беренесине ылайык чечкиндүү, мыйзамдуу жана пропорционалдуу жооп кайтарылат. Бул опуза эмес, бул укуктук реалдуулук. Кесепеттер үчүн жоопкерчилик андай мыйзамсыз аракеттерди баштаган тарапка жүктөлөт", - деген ирандык дипломат. (RK)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net