Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырды

0

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Иранга барууну көздөп жаткан, ал өлкөнүн аймагында жүргөн же андан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандык жарандарга кырдаал тууралуу маалымат таратты.

Анда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү акыркы убактарда Иран аркылуу учуучу каттамдарын кыскартышкан же убактылуу токтотушканы жана учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болуп жатканы кабарланган. Ошондой эле учак менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, унаа менен коңшу мамлекеттер аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылган.

Кыргызстандык жарандар Ирандан Армения жана Түркияга визасыз кире алышат. Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн виза талап кылынат. Виза боюнча жардам алуу үчүн алдын ала Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине кайрылуу зарыл.

Ирандын Ооганстан жана Ирак менен чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык экенин белгилеген министрлик бул өлкөлөргө кирүүнү каалагандар алардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз бериши керектигин эскертти.

ТИМдин маалыматына ылайык, 16-январга карата Иран менен Пакистан жана Азербайжандын чек аралары жабык.

Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон кыргыз жарандары ал өлкөдөгү элчилигине же консулдук департаментине өзүнүн толук аты-жөнүн, телефон жана башка байланыш маалыматын, паспорттун биографиялык маалыматтар камтылган барагынын сүрөтүн жана болжолдуу мамлекеттик чек ара өтүү пунктун билдириши керек.
Бардык суроолор менен төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:
ТИМдин Консулдук департаменти (24 саат):+996 999 312 002, dks@mfa.gov.kg
Ирандагы элчилиги:+98 21 2283 0354; +98 935 250 5229, kgembassy.ir@mfa.gov.kg
Армениядагы ардактуу консулу:+374 91 919191
Түркиядагы элчилиги:+90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00
Түркмөнстандагы элчилиги:+993 12 48 22 95; +993 12 48 22 96; +993 65 69 40 59
Ооганстандагы элчилиги:+93 77 909 9326; +93 77 909 9326; +93 77 654 4504 (WhatsApp)
Азербайжандагы элчилиги:+994 993 312 312; +994 12 505 56 74; +994 55 75
ТИМ жакын арада Иранга барууну көздөп жаткан кыргызстандыктарга ал жакта кырдаал толук турукташканга чейин барбай турууга чакырган.
Иранда жалпы элдик толкундоолор декабрдын соңунда башталган. 15-январда Иран өлкөнүн аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн жабылганын тиешелүү эл аралык мекемеге расмий эскертти. Маалыматка караганда, атайын уруксаты бар эл аралык каттамдар гана аткарылып турмакчы.
Муну менен катар Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна аба күчтөрүн жана абадан коргонуу бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиргени кабарланган. (ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net