Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Акыйкатчы чет элдиктер кармалуучу жайга кире албай жатышканына тынчсызданууда

0

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева анын кызматкерлери Бишкектин четиндеги чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кармалып туруучу жабык жайга эки ирет киргизилбей, тоскоолдук жаралганына тынчсыздануусун билдирди. Акыйкатчы муну “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамын түздөн-түз бузуу катары баалай турганын белгиледи.
Ал мамлекеттик органдарды “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарын аткарууга жана институттун кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук түзбөөгө чакырууда.

Омбудсмендин кеңсеси 15-январда тараткан маалыматка караганда, кызматкерлерине аталган борбордун аймагына кирүүгө эки ирет тоскоолдук түзүлгөн. Алгач былтыр 28-октябрда чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө барганда аталган жайга кирүүгө уруксат берилген эмес. Бул факт боюнча акт түзүлүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Аскер прокуратурасынын кийлигишүүсүнөн соң тоскоолдук кылган жооптуу кызматкер тартиптик жазага тартылган.

3-ноябрь күнү акыйкатчы институту аталган борборго мониторинг жүргүзгөн учурда чет өлкөлүк жарандарды кармоо шарттары жана алардын укуктары бузулганы аныкталган.
"160 адам кармалып турган борбордун санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда болгон, имараттын ичиндеги дааратканалар жабык, короого үч биотуалет орнотулган. Борбордо жылытуу системасы жок болгондуктан төрт бөлмөсү гана кондиционерлер менен жылытылат. Калган бөлмөлөрдө кондиционерлер бузулуп, имараттын көпчүлүк бөлүгү суук. Борбордун короосунда жайгашкан душ кабиналары болсо убактылуу, колдо жасалган конструкция түрүндө курулган. Ошондой эле, борбордун штатында ашпозчу болгонуна карабастан, чет өлкөлүк жарандар тамак-ашты өздөрү сыртта даярдайт. Бул мекеменин жооптуу кызмат адамдары кармалгандарды туура жана коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарбаганын көрсөтөт",- деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары кармалып турган жарандарда туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүк жоктугу белгиленген.

Бул укук бузууларды жоюу боюнча чара көрүү сунушу менен акыйкатчы Министрлер кабинетине расмий кайрылуу жөнөткөн.

Бул сунушунун жыйынтыгын көрүү үчүн жыл аягында аталган борборго барганда акыйкатчынын кеңсесинин кызматкерлерине кайрадан тоскоолдук жаралып, алар ичкери кире алышкан эмес. Омбудсмен кайрадан прокуратурага кайрылууга аргасыз болууда.

Жамиля Жаманбаева Ички иштер министрлигин акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылган кызматкерлерге чара көрүүгө жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунун ишинин ачыктыгын камсыздоого чакырды. Акыйкатчы жабык жайларга мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук - андагы укук бузууларды жашыруу аракети деп белгилөөдө.
Ички иштер министрлиги акыйкатчы институтунун бул маалыматына комментарий бере элек. "Азаттыктын" министрликтин басма сөз кызматына берген суроосу азырынча жоопсуз.
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кармалуучу борбор 2025-жылы жайында мурдагы Ганси базасынын ордунда ачылган.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net