Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Мамлекеттик сыйлыктарды кыскартуу долбооруна депутаттар каршы чыгып, күн тартибинен алынды

0

Жогорку Кеңештин депутаттары 14-январдагы отурумунда "Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карашты. Анын алдында өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов баяндамачынын жоктугун жүйө кылып, маселени күн тартибинен ала турууну сунуштады. Айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы чыгып, артка кайтарууга чакырышты.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунун авторун мамлекетке душмандык кылды деп айтыптады:

"Бул мыйзам долбоорунун автору ким болду экен? Бул мамлекеттин душманы. Кайсы гана министрлик болбосун, ал президентти жана Жогорку Кеңешти уят кылып жатат. Мисалы, мен Эл акынын айтпай эле коеюн. Кеменгер деген наам мамлекеттик кызматкерлерге берилет дейт. "Кеменгер наамын" мамлекеттик кызматкерге берсек, ал кызматкер бир күнү коррупцияга айыпталып кармалса, "аа, бул кеменгер эмес, жеменгер экен" деп алып коебузбу? Кеменгер деген улуу наам менен Калыгул, Жеңижок сыяктуу адамдарды атасак жарашат. Эл акыны дегенди алып салышыптыр. Бул миңдеген жылдар мурун берилген. Эмне Женижок, Барпы, Арстанбекти да Эл жазуучусу дейбизби? Кыргыз адабиятындагы поэзия жанрын чийип салабызбы? Эгер бул мыйзамды карап, кабыл ала турган болсок, Жогорку Кеңеш шерменде болобуз!" - деди депутат.

Талиеваны бир нече депутат колдоого алды. Улан Примов миңдеген жарандар мамлекеттик наам, сыйлыктарды алуу үчүн жылдап эмгектенип, күтөрүн белгиледи. Ушундай эле ойду депутат Гуля Кожокулова да билдирип, "чийки" мыйзам долбоорлорун даярдап келген аткаминерлерди жоопко тартуу зарыл деп белгиледи.

Бирок төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоору өтө маанилүү экенин айтып, талкуулоо зарылчылыгын эскертти.

"Президент сыйлыктарга мораторий киргизди. 46 сыйлык бар экен. Ошону 20га түшүрүп атат. Айрым адамдардын сыйланганы коомчулукта нааразылык жараткан учурлар бар. Бул реформанын артында президент турат. Муну эл күтүп турат. Артка кайтаруу - жоопкерсиздикке жатат. Биринчи окууда карап, сунуштарыбызды берели", - деди төрага.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун талкуулоо баяндамачынын жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алынды.
Министрлер кабинети "Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, бир катар мамлекеттик сыйлыктар жана сый акылар кыскартылат, айрымдары өкмөттүн карамагына берилет. Мыйзам долбоору 13-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында каралып, талкууланган. (ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net