Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Reuters: Ирандагы толкундоолордо каза тапкандар 2 миңден ашты

0

Иранда бийликтин элдик толкундоолорду күч менен басуу аракети учурунда кеминде 2 миң киши каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Иран бийлигиндеги булакка таянып жазды.

Ал жай тургундардын жана коопсуздук күчтөрүнүн өлүмүнө "террорчулар" күнөөлүү экенин айткан.

Iran Human Rights уюму болсо алты миңден ашуун демонстрант каза тапты деп кабарлады. Аталган уюмдун билдирүүсүндө, "нааразылык акцияга чыккандар жапырт жана сотсуз өлүм жазасына тартылат" деген коркунуч бар.

Ал эми Iran International каналынын маалыматы боюнча толкундоолор учурунда 12 миң киши каза тапкан. Телеканал Ирандын улуттук коопсуздук кеңешине жакын адамга, президенттин администрациясындагы эки булакка, Ислам революциясынын сакчылары корпусундагы бир нече кишиге, күбөлөрдүн айткандарына, медициналык борборлордун маалыматтарына таянган.

Иран боюнча эксперт Никита Смагин Iran International каналын "ишенимдүү булак" деп эсептөөгө болбой турганын, бирок толкундоолордо 12 миң киши өлгөнү ырас болушу ыктымалдыгын айтты.

BBC News күбөлөргө шилтеме берип Иранда интернет өчүрүлгөндөн кийин коопсуздук күчтөрү менен сакчылар корпусу өлкөнүн бардык аймактарында акцияга чыккандарга ок ачканын билдирди. Журналисттер баарлашкан жергиликтүү айрым тургундар Ирандагы чыныгы абал дүйнөгө белгисиз экенин, медиада курмандыктар тууралуу аз сан жазылып жатканын айтып берген.

"Мен өз көзүм менен көрдүм. Алар демонстранттарды түз эле атып, адамдар боо түшүп жыгылып жатты", – деди ирандык жарандардын бири.

Буга чейин бийлик 10 миңден ашуун кишини камакка алганы кабарланган.

Укук коргоо уюмдары, анын ичинде Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюму булактарга таянуу менен Иранда толкундоолордун катышуучуларын өлүм жазага тартуу башталганын, биринчилерден болуп "Кудайга каршы согушка" айыпталган 26 жаштагы Эрфан Солтани жогорку жазага өкүм кылынары тууралуу маалымат түшкөнүн жарыялашты. Маалыматтарда ал алты күн мурда кармалганы, бийлик аны 14-январда өлүм жазага тартууну көздөп жатканы айтылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде ирандыктарга кайрылып, жалпы улуттук акцияларды улантууга чакырды. Трамп "жардам жолдо баратат" деп айтты, кеңири түшүндүрмө берген жок. Мурдараак ал "нааразылыкка чыккандарды негизсиз өлтүрүү токтомойунча ирандык чиновниктер менен бардык жолугушууларды жокко чыгарганын" кабарлаган. АКШ президенти "киши өлтүргүчтөр менен зордукчулардын ысымдарын каттоого" үндөп, алар кылганы үчүн катуу жооп берерин белгилеген.

Иранда элдик толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында нааразы тарап экономикалык кризиске - риалдын кескин арзандашына, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу талаптарды айтып чыккан. Интернет өчкөнгө чейин 120дай шаарга жайылган толкундоолордо кийинчерээк бийликке каршы ураандар жаңырып, 1979-жылы Ислам революциясында тактан оодарылган монархияны калыбына келтирүү талабы да коюла баштаган.

коюла баштаган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net