Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргыз өкмөтү төрт жылда "Белес" автобусунан бирди да алган жок

0

Өкмөт Кыргызстандын өзүндө жасалган BELES автобусунан бирди дагы сатып ала элек. Бул тууралуу кыргызстандык автобус өндүрүшүнүн негиздөөчүсү, ишкер Мирбек Аскалиевдин президентке кайрылуусунда айтылат.

Кайрылууда ал 2022-жылы Садыр Жапаровдун заводго барып, BELES маркасындагы алгачкы ата мекендик автобусту айдап көргөндөн кийин “колдоо үчүн алгачкы партияны сатып алабыз” дегенин эске салган.

"Бирок төрт жыл өттү – ошол чечим ишке ашпай калды. Жооптуу органдар ар кандай шылтоолорду айтты, бирок жыйынтык бир: бир да ата мекендик автобус сатып алынган жок. Негизги жүйө – “кымбат” дегени. Бирок фактылар такыр башкача сүрөттү көрсөтөт! BELES автобусунун баасы 168 000 евро. Бишкек мэриясы Түркиядан алган, комплектациясы биздин BELESке окшош Isuzu Citiport автобустары 317 500 евродон сатып алынган (жалпы 17 автобус үчүн 5,4 миллион евро, бирөө болжол менен 317 500 евро). Импорттогу автобус биздикинен 85% кымбат", - деген Аскалиев.

Ишкер президент заводго баргандан төрт ай өткөндөн кийин Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен "60–70 миң долларга электробус жасап бергиле" деген сунуш түшкөнүн жазган. Ал электробустун батареясынын өзү эле 150 миң доллар турарын, андай шартта 70 миң долларга электробус жасоо мүмкүн эместигин белгилеген.

Аскалиев ИДӨсү жогору өлкөлөрдүн баары экономикасын өнөр жай, айрыкча автопром аркылуу көтөргөнүн белгилеген. Германия жана Жапония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин талкаланган экономикасын автопромдун күчү менен кайра жандантканын айткан. Акыркы он жылдыктарда Түркия да экономикалык секирикти автопром аркылуу жасап, экспортко чыгарып, миллиарддаган киреше таап жатканын кошумчалаган.

Кыргыз өкмөтү азырынча ишкердин билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.

2022-жылы Чүй облусунда жергиликтүү “Белес.kg” деп аталган компания автобус кураштыруучу завод ачкан. Компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров мамлекет сыноо иретинде андан 10 автобус сатып аларын билдирген. Бишкек шаардык мэриясы кийин атамекендик компания чыгарган транспорттун баасы жана башка шарттары туура келбей жатканын билдирип, андан автобус сатып алуудан баш тарткан.

2024-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун жана жапон өкмөтүнүн грантынын негизинде Бишкек шаарына газ менен жүргөн 124 даана автобус сатылып алынган. Мэрия, Кытай менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, жалпысынан 1000 автобус алынарын, бара-бара кичи автобустар шаардын борбордук бөлүгүндө каттабай каларын билдирген. (ST)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net